7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

ТИМ Алматыдагы кыргыздарды шаардан алып чыгуу үчүн автобус уюштурду

1028

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргызстандын жарандарын Алматы шаарынан алып чыгуу үчүн автобус уюштурулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдире

Маалыматка ылайык, Казакстан Республикасында акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүү ишинин алкагында Кыргызстандын жарандарын кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу эвакуациялоо иштерин жүзөгө ашырууда

«Министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргызстандын жарандарын Алматы шаарынан алып чыгуу үчүн автобус уюштурулуп, жарандарды эвакуациялоого кеткен чыгымдардын баары төлөнүп, азыркы кезде жарандар “Ак-жол” көзөмөлдөөчү-өткөрмө пунктуна карай багыт алышууда, аталган жерден жарандарды КР ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлери тосуп алып, керектүү жардам көрсөтүшөт», — деп айтылат маалыматта

Министрлик Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого дагы бир ирет чакырып кетет

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат, ал номерлер аркылуу Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1029