«Жаңы жылдан соң бир катар министрлердин ишмердиги талданып, аларды кетирүү маселеси каралып жатканын эшиттик.

Өздүк булагыбыз билдиргендей, Алымкадыр Бейшеналиев, Руслан Казакбаев, Доскул Бекмурзаев, Болотбек Купешов жана башка айрым жетекчилер да кызматтарынан алынышы болжонууда.

Иштей албай жатышканы, катачылык кетиришкени жагынан бааланып, чечкиндүү чечимдин ишке ашуусу күтүлүп калдыбы? Аз күндө көрө жатабыз»-деп жазат

Маалыматтын чын төгүнүн аныктоо азырынча мүмкүн эмес. Ошентсе да жүйөөсү бар.

Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, айрым аймактарда жарыктын өчүрүлүшү менен Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге коомчулукта нааразычылыктар айтылып келет.  Ага, министрдин жайында атайын маалымат жыйын өткөрүп «Кышкысын эч кандай көйгөй болбойт»-деп убада берип, суук түшкөндө «Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жатат, электр энергиясын үнөмдөйлү»-деп өчүрүүлөрдү баштагандыгы себеп болгон.

Ал эми саламаттыкты сактоо жана социалдык  өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге интернетте нааразычылыктар «аконит» темасынан бери уланып келет.

Билим берүү министри Болотбек Купешовдун дегеле жасаган ишинен дайын чыкпайт.

Ал эми  Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бул тизмеге эмне үчүн кошулгандыгы белгисиз, балким элчилердин ишинин дайыны чыкпай жаткандыгынандыр.

Айтоор, басылманын макаласы коомчулукта кызуу талкуу жаратчуүдай.