7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Жаңы конуш тургундарына 686 техникалык паспорт берилди

240

Бүгүн, 13-январда конуштардын жашоочуларына 686 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Жер-Ынтымагы» конушунан 1 070 арыз кабыл алынып, 898 техникалык паспорт берилди. Ал эми, 8 учурда канааттандыруудан баш тартылган.

Ошондой эле убактылуу негизде “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» конуштарында өткөн жылдын 13-декабрынан бери 542 кайрылуу кабыл алынган.

«Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жарандар түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 11-январынан тарта Дордой-2 конушунда да иш башталып, жашоочулардан 138 арыз түшкөн. Техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

241