Бүгүн, 20-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө реконструкцияланып жаткан муниципиалдык базардын курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу мэрдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган базардын курулуш иштери 2021-жылдын октябрь айында башталган.
Учурда базардагы курулуштун 70%ы аяктады. Шаар башчысы муниципалдык базарды ушул жылдын апрель айында пайдаланууга берүү пландалганын белгилеп, базардын ичинде бардык шарты менен 800дөн ашуун соода жайы болоорун билдирди.