7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Жалал-Абад облустук ооруканасынан «4 ноутбук» жана башка буюмдарды уурдаган 3 жигит кармалды

1243

Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка кирген жигиттер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев арыз менен кайрылып, анда ушул жылдын 7-январына караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирген.

Бөлмөдөн 4 даана ноутбук, 1 даана термос, сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документтерин, 4 670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондору уурдалганын билдирген. Натыйжада облустук оорукана ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 1989-жылы туулган Б.З., 1990-жылы туулган Ш.М. жана 1987-жылы туулган Х.Х., аттуу үч тургуну кармалган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1244