Бүгүн, 20-январь күнү Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Тараптардын жолугушуусунда алгач Кристин Жольм Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фондугунун (ЮНИСЕФтин) Ош аймактык кеңсесинин жетекчиси болуп дайындалган Жылдыз Молдакунованы тааныштырды.
ЮНИСЕФ менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймактарында балдар укуктарын коргоо, аларды ар тараптуу өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында аткарылган жумуштар тууралуу айтылды.
Уюм Жалал-Абад облусунда 2010-жылдан тарта иш алып барып келет. Бул аралыкта жалпы суммасы 140 миллион сомго жакын долбоорлор ишке ашырылган. Азыркы учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жетиштүү кам көрүү, мектепке тартылбай калган окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу, калктын муктаж катмарын социалдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы долбоорлор жүргүзүлүүдө.
Кристин Жольм Жалал-Абадда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруу салыштырмалуу алдыда экенине токтолду. Бул багытта жаңыдан салынган заманбап балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин белгиледи. Сунуш катары аталган жайда мындан көп майыптыгы бар балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү иштерин колго алуу мүмкүндүгүнүн бар экенин айтты.
Жолугушууда кызматташуу аракеттеринин алдыдагы жалпы багыттары тууралуу талкууланды.