Жалал-Абад облусунда район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу «7-каналдын» Жала-Абаддагы журналисти Руслан Калматов билдирди.
Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев билдиргендей, Жала-Абадда 5 райондун жетекчиси сынактан өтпөй калышкан.
«Ноокен районунун акими жана биринчи орун басары, Аксы районунун акиминин биринчи орун басары ээлеген кызматына татыктуу эмес деп табылды. Ал эми Тогуз-Торо районунун акиминин биринчи орун басары жана Чаткал районунун башчысынын орун басары алгачкы тесттен жетиштүү упай ала албай калган», — деп берилет маалыматта.
Буга чейин Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондорунун акимдеринин кызмат ордуна сынак жарыяланган. Ал эми Чаткал районунун акими өз арызы менен кызматын тапшырып, сынакка кирген эмес.
Ошондой эле Сузак районунун акиминин эки орун басары тең шарттары туура келбей, сынакка катышышкан жок.