7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Жалал-Абадда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу болуп өттү

277

Бүгүн, 14-январь күнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов район-шаарлардын, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолушуп, тармактардагы бир катар көйгөйлөрдү укту. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынды президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеп, эл өкүлдөрүн аймактагы маселелер менен жакындан таанышып, көмөк көрсөтүү аракеттерине ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда облустагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлердин жетишсиздиги, айлык маяналардын аздыгы жана эскилиги жеткен имараттарды жаңылоо муктаждыктары бар экени айтылды. Аны менен катар ушундай эле көйгөйлөр билим берүү жана маданият жаатында да орчундуулугу белгиленди.

Жогору Кеңештин депутаттары облус жетекчилиги менен биргеликте аймактагы социалдык маселелерди чечүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты. Аны менен катар 2022-жылда ишке ашырылуучу бир катар долбоорлорго токтолду.

Эл өкүлдөрү тургундар тарабынан кайрылган ар бир маселе боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүрүп, аткаруу бийлиги менен биргеликте ыкчам чечүү жолдору каралаарын кошумчалашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

278