7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Жапаров: Өздөрү кызматта жок болсо эле «бул тармак өлдү» деп наалып башташат…

573

«ВБ» редакциясы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен маектешти. Мамлекет башчысы учурда маанилүү болуп жаткан бир катар суроолорубузга жооп берди.

— Салам алейкум! Садыр Нургожоевич, мага кенен убакыт берип, бардык суроолорума жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем.

— Алейкум салам! Эч нерсе эмес. Суроолоруңузду бере бериңиз.

Экономикабыздын акыбалы кандай? Кээ бир адистер «экономикабыз начарлап кетти, жаңы жылдан кийин дагы начарлайт» деп айткан жайлары бар…

— Экономикабыз, Кудайга шүгүр, жакшы. Азыр 500 млн долларыбыз бар. Январь айына 500 млн доллар менен кирүү деген Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Азыр бул акчаларды бөлүштүрүп жатабыз. Февраль айынан баштап дыйкандарыбызга, фермерлерибизге 6 пайыз менен үч жылга чейин «Айылбанк» жана РСК банктары аркылуу кредиттерди бере баштайбыз. Жери, фермерлик чарбасы бар ар бир кыргызстандык кредит ала алат. Буга 15 млрд сом бөлүүдөбүз. Ипотекалык компанияга 5,5 миллиард сом берип жатабыз. Булар азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарыбызга 25 жылдык мөөнөт менен бере башташат.

1,5 миллиард сом үрөн жана жер семирткичкерди сатып алуу үчүн бөлүп бердик. 1 миллиард сом ирригацияга бөлдүк. Кыскасы, кайсы тармактагы маселени ыкчам чечиш керек болсо, ошол тармактарга беребиз.

Ал эми «экономикабыз начарлап кетти, жаңы жылдан кийин дагы начарлайт» дегендер — өздөрүн бийликте көргүсү келген саясатчылар. Алардын ою боюнча өздөрү министр болуп бир креслого олтуруп калса, Кыргызстандын телегейи тегиз, баары «жипке тизгендей» болуп калат. Өздөрү кызматта жок болсо, «баары өлдү — тиги тармак өлдү, бул тармак өлдү» деп наалып жүрө беришет. Андайларга көп ишене бербегиле. Менин ар бир жасаган ишим, кабыл алган чечимдерим мамлекеттин, жалпы элдин гана кызыкчылыгына болот. «Жети өлчөп, бир кесебиз», мага ишенгиле. Менин максатым — тарыхтын ак барактарында ак кызматым менен калуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

574