7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Жогорку Кеңештин жыйыны жабык эшик артында өтөөрү айтылды

344

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Индира Куралбекова билдирди.

Анын айтымында, кошумча маалымат парламенттин басма сөз кызматы аркылуу жыйын соңунда таратылат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалды талкуулоо үчүн саат 14:00гө кезексиз жыйынга чогула тургандыгын кабарланган болчу.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

345