7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайыз көтөрүлөт

3

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Урматтуу достор, жакшы жаңылык! Президент Садыр Жапаров буга чейин мамлекет дарыгерлерге колдоо болоорун, алардын эмгек маяналары көтөрүлөрүн айтканын жакшы билесиздер.

Учурда бул багыттагы иш ырааттуу жүрүп, ооруканалардагы медицина кызматкерлеринин тартыштыгын чечүү, медициналык мекемелерге жүктү азайтуу боюнча иштер жүрүүдө.

Калктын саламаттыгына кам көрүүдө дарыгерлердин ролун жогору баалоо менен, Мамлекет башчысы дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарт менен ипотекага батирлерди берүүдө медицина тармагынын кызматкерлерине артыкчылык берүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды да бергенин айта кетейин.

Медициналык окуу жайды бүтүрүп, ишке жаңы келген жаш дарыгерлер бүгүнкү күндө 13 581 сом алса, апрель айынан баштап колуна 35 248 сом алышат.

Эң төмөнкү алган айлыктардын өсүүсүн көрсөтүү үчүн жаш дарыгердин айлыгын мисалга тарттым.

Албетте, эмгек тажрыйбасы мол дарыгерлердин апрелден кийинки эмгек маянасы ошого жараша көп болот. Башкача айтканда, “стаж үчүн” деген сыяктуу кошумча төлөмдөр жоюлбайт.

Мындан тышкары, алыскы тоолуу райондорго иштөөгө даяр дарыгерлердин айлыгы кошумча орточо эсеп менен дагы 30%га көбөйөт.

Ошондой эле «Дарыгердин депозити» программасы боюнча мамлекет бүгүнкү күндө дарыгерлерге кварталына 66 000 сомдон төлөп берет.

Жаш дарыгерлер талап кылынган адистиктер боюнча (педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог, жалпы хирургия боюнча дарыгер) иштегени келсе, аларга ай сайын 20 000 сомдон кошумча төлөнүп берилет.

Ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө иштеген 28 миң медайымдын айлык акысы 8541 сомдон 29053 сомго чейин, же үч эсеге көтөрүлөт.

Бул — бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөр менен үстөктөрдү эсепке албаганда.

Учурда өлкө боюнча медициналык мекемелерде медициналык билими бар ар кыл багыттагы дарыгерлер талап кылынууда.

Алардын жалпы саны — 1596.

Төмөндө сүрөттө кайсыл аймакта канча дарыгер талап кылынары көрсөтүлгөн.

Эгер сиз медициналык окуу жайды жакында эле бүтүп, азыр иш издеп жүрсөңүз, же буга чейин медицианлык мекемеде иштеп жүрүп кайсыл бир себептер менен иштен кетип, азыр кайрадан медицина тармагында ишиңизди улантууну кааласаңыз, анда өзүңүз жашаган жактагы ооруканага кайрылыңыздар.

Ал жактан бош орундар боюнча кенен маалымат алып, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Бул маалыматты медицина тармагында билими бар ишсиз жүргөн тааныштарыңыздар болсо, аларга да жеткирүүңүздөрдү өтүнөм”,-деген Алагөзов.

4