7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-март — адвокаттар күнү!

202

1-март — адвокаттар күнү! Бул тарыхый күнгө карата Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан 2026-жылдын 16-февралынан 27-февралына чейин атайын декада жарыяланган.

Декаданын алкагында аймактык адвокатуралардын мүчөлөрү өлкө аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелерде ачык сабактарды өткөрүштү. Сабактарда окуучуларга адвокаттык кесиптин маңызы, анын коомдогу орду, мыйзамдуулукту жана адам укуктарын коргоодогу ролу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, мыйзамды урматтоо маданиятын калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өткөрүлгөн иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар менен мугалимдердин кызыгуусун жаратты. Декада өз максатына жетип, адвокаттык кесипти жайылтуу жана укуктук агартуу багытында маанилүү кадам болду.

 

203