7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-январдан тарта айрым мамлекеттик ооруканалар өз алдынча иштей баштайт

230
 Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик ооруканаларга жаңы жылдан тарта өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Жарлыкта учурдагы башкаруу модели мамлекеттик медицинанын өнүгүшүнө тоскоол болуп, ооруканалар финансы, кадр саясатында өз алдынча чечим кабыл ала албай жатканы белгиленген. Ошондой эле атаандаштык жагынан менчик клиникалардан артта калып кеткени да айтылган.
Бирок мындай кадам калкты медициналык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерден ажыратпайт.
Бул сынамык тажрыйба 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жасалып, соңунда жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы каралат. Азыр кайсы ооруканалар жаңы багыт боюнча иш алып бара тургандыгы аныкталып жатат.
231