7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

84 жылдан бери окшош кийинишкен эгиз энелер (ФОТО)

699

АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында эже-сиңди эгиздер Энн Маккуин жана Сьюзен Бриггс 84 жылдан бери окшош кийинип келишет. Америкалык The Washington Post гезити эки эгиз эже-сиңдилерге арналган материалды жарыялады.

Алар дайыма жакын болуп, ушул күнгө чейин бала кезиндегидей окшош кийинип жүрүшөт. Мындай көрүнүш ары-бери өткөн шаардыктарды таң калтырат. Сырткы гана көрүнүшү эмес, келбеттери дагы аябай окшош.

Жакында эле 84 жаштагы эгиздер Американын дээрлик бардык жерине таанылды. Эгиздердин биринин небереси видео тартып, аны жарыялаган. Эже-сиңдилерге да популярдуулук жаккан. Алар «Азыр дүйнө ушундай жаман кырдаалда турат. Ошол үчүн башкаларга кубаныч тартуулоо жакты», — дешкен.

Экөөнүн тең төрттөн балдары жана 20дан ашуун неберелери бар.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

700