7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындын алыскы аймактары да интернетке кошулат

528

Кыргызстанда санариптик коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган Digital CASA-KR долбоорунун алкагында Нарын облусунда оптикалык була кабелдерин тартуу үчүн мамыларды орнотуунун маанилүү этабы ийгиликтүү ишке ашырылууда.

«Кыргызстандын түндүк аймагында буга чейин 100 мамы орнотулган болсо, анын жарымынан көбү Нарын облусунда жайгашкан. Иш оптикалык буланы тартуу үчүн колдо болгон электр мамыларын колдонуу мүмкүн болбогон аймактарда жүргүзүлдү.

Орнотуу атайын жабдууларды, анын ичинде бургулоочу станокторду колдонуу менен ишке ашат. Жалпысынан бул аймакка алардын 1000ге жакынын орнотуу пландалууда»,- деп билдиришти «Кыргызтелекомдон».

Бул долбоор аймактагы коммуникациялардын сапатын гана жогорулатпастан, маалыматка жогорку ылдамдыкта жетүү аркылуу билим берүү жана бизнес үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, социалдык-экономикалык өнүгүүдө маанилүү роль ойнойт.

529