7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«11,5 миллион сомдук товар». Аткезчилик жол менен келаткан жүк кармалды

738

Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери «Торугарт-Бишкек» жолунда «Mercedes-Benz Actros» жана «Volvo» үлгүсүндөгү чиркегичтери менен унааларды токтотуп, аткезчилик жол менен келаткан жүктү кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган товарлардын жалпы суммасы 11 458 331 сомду түзөт.

Алуучу ЖЧКнын өкүлү «К.Ш.Т» аттуу жарандын катышуусунда автоунааларды текшерүүдө балдар арабалары, самокаттар, тамактандыруу үчүн отургучтар, бешиктер, велосипеддер – товарларынын ассортименти табылган. Жүктүн ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү жүк коштоочу документтери болгон эмес.

Бул факты маалыматтык электрондук журналга катталып, кароо жана тиешелүүлүгү боюнча чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739