Жалал-Абадда терактка даярдык көрүү иши токтотулганын УКМКдан билдиришти.
«25-декабрда Жалал-Абад шаарынын аймагында “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун жашы жете элек мүчөлөрү 2007-жылы туулган Р.М.Р. жана У.М.Т. кармалган. Бул балдар аралыктан интернет аркылуу “ИМ-ВХ” ЭТУнун катарына кошулуп, чет элдик ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан. Ошондой эле Жалал-Абаддагы Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан»,- деди ал.
Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун төгүндөлгүс далилдери, ЭТУнун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле “ИМ-ВХ” ЭТУнун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53-жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилди. Алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.