7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров медиа жана журналистика жаатында «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду

456

Президент Садыр Жапаров «КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Конституциянын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы уюштурулсун.

2. Президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча үч айлык мөөнөттө президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитсин.

4. Президенттин иш башкармасы президенттин фондунан президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысынуюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.

 

457