7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

134 млн сомдон ашык зыян. Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси кармалды

1098

Ноокат РЭТтин мурдагы жетекчиси кармалганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ошэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурдагы Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары А.И. кармалды.

Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында “Ошэлектр” ААК мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1099