7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

135 миң долларды ээлеп алган Октябрь РИИБнын кызматкери издөөгө алынды

1589

135 миң долларды ээлеп алган Октябрь РИИБнын кызматкери издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  “О.А.” аттуу жаран Октябрь РИИБнын кызматкери “С.Р.» кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууларын өтүнөт:

• Чүйская областы: (0312) 54-07 19:
• Жалал-Абадсты: (03722) 5-60-49;
• Ош областы: (03222) 2-30-78;
• Иссык-Көл областы: (03922) 5-11-80;
• Талас областы: (03422) 5-20-43;
• Нарын областы: (03522) 5-08-49;
• Баткен областы: (03622) 5-00-33.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1590