7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчмөндөрдүн үнү Юнесконун конференциясында жаңырды

131

Көчмөндөрдүн үнү ЮНЕСКОНУН конференциясынын 43-сессиясынын алкагында расмий кабыл алуу өткөрүп, 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турчу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тааныштырып, дүйнөнү оюндардын аянтчасындагы биримдикке чакырды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришкендей, Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан жыйынга дүйнөнүн 194 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Анда Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев дүйнө коомчулугун бул иш-чарага катышууга чакырып, көчмөндөр оюндарын спорт, маданият, илим жана салттардын биримдигин чагылдырган уникалдуу аянтча экенин белгиледи.

Министр өз сөзүндө 6-ноябрда ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү тарабынан бир добуштан кабыл алынган 22-сентябрды — «Эл аралык көчмөн мурастары күнү» деп жарыялоо боюнча резолюцияны белгиледи. Резолюция көчмөн салттардын маданий, тарыхый жана социалдык маанисин, ошондой эле алардын маданий ар түрдүүлүккө жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын дүйнөлүк деңгээлде таанууга көмөктөшүүгө багытталган.

«Ошондой эле 2026-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болот — өлкө Чыңгыз Айтматов негиздеген Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын белгилейт. Форум элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана руханий баалуулуктарды даңазалаган аянтча болуп саналат», — деди Мамбеталиев.

Кабыл алуу жана тааныштыруу иш-чарасына Юнесконун башкы директору Одри Азуле, эл аралык деңгээлдеги жогорку даражалуу коноктор жана ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОНУН 43-сессиясы 2025-жылдын 30-октябрынан 13-ноябрына чейин Самарканд шаарында өтүүдө. Бул ЮНЕСКОнун тарыхында 40 жылдан кийин биринчи жолу Парижден тышкары башка өлкөдө өткөрүлүп жатат.

132