Бейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 11…16, Талас аймагында 8…13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 8…13, Ысык-Көлдө 4…9, Нарын өрөөнүндө 1…6 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада 12…14, Ош шаарында 10…12 градуска көтөрүлөт.



