7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын үйүндө сактап жүргөн жаран кармалды 

234

Таласта ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 18-октябрда милицияга Талас облусунун 62 жаштагы тургуну Ч.К. аттуу жаран баңгизат колдонуп, жашаган үйүндө сактап жүргөндүгү туураалуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-бер. 3-бөл. (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 11-декабрда кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын 1963-ж.т тургуну Ч.К. кармалып, аталган шаарда жайгашкан турак-жайын жана короо-сарайларын тинтүү учурда, бангизаттардын марихуана 18 288,54 грамм, каннабистин соломасы 4062 грамм, гашиш 1,29 грамм табылган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 22 кг, 351 гр түзөт.

Шектүүгө карата Талас шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

235