7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

25 миң АКШ долларын талап кылган жактоочу кармалды

132

Сот системасындагы коррупцияны жоюу боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда судья кызматын ээлеген жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алсак, шектүү баштапкы этапта жабырлануучу тараптан ишти оң жагына чечип берем деп 25 миң АКШ доллар каражатын алган. Бирок, алынган сумма менен чектелбестен, ал дагы 7 миң АКШ долларын талап кылууну улантып, баш тарткан учурда өзүнүн административдик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соттун чечимин каршылаш тараптын пайдасына каратып коюу менен коркуткан.

Натыйжада  жактоочу талап кылынган сумманын бир бөлүгүн 437 500 сомду (5 000 АКШ долларына барабар) алып жаткан учурда кармалды.

Шектүү 2 айга камакка алынып, бул ишке тиешеси бар башка жарандар териштирилүүдө.

133