7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

17 миңден ашык ишкер контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү

613

Жыл башынан бери 17 миң 68 ишкердик субъект контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 44 миң 803 контролдук-кассалык машина колдонулууда, анын ичинен 22 миң 239 – аппараттык жана 22 миң 564 – программалык ККМ.

Белгилей кетсек, салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга чакырат.

Азыркы учурда эки типтеги ККМ колдонулат – аппараттык жана программалык.

  • Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат.
  • Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.
  • Программалык ККМди Play Маркет (“Онлайн ККМ” тиркемеси) аркылуу смартфонго бекер жүктөп алууга болот. Аппараттык контролдук-кассалык машиналарды KKMди техникалык тейлөө борборлорунан алса болот, алардын саны бүгүнкү күндө 14.

Эскерте кетсек, «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» коюлган POS терминалы бар заманбап ККМди акысыз берип жатышат.

Ал эми каттоодон өтүү жана ККМди менен иштөө үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614