7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

170 тонна көмүр алып акчасын бербей жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

290

170 тонна көмүр алып акчасын бербей жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Бишкек шаарынын тургуну, ишкер арыз менен кайрылып, олуттуу материалдык чыгымга алып келген мыйзамсыз иш-аракеттер фактысы боюнча чара көрүүнү суранган.


Себеби, 2018-жылдын ноябрь айында бейтааныш жарандар Жумгал районуна караштуу Кара-Кече аймагында жайгашкан көмүр кенинен 170 (жүз жетимиш) тонна алышып, акчасын алып келип беребиз деп ушул күнгө чейин беришкен эмес. Анын натыйжасында бир нече жүз миң сомдук зыян келтирилген.


Бул факты боюнча материал Нарын ОИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш боюнча шектүү катары Ак-Талаа районунун тургуну 1978-жылы туулган М.С. жана мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган Бишкек шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Ч.Р. кармалып, Нарын ОИИБын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

291