УКМК кызматкерине пара катары 2 алтын куйма бермек болгон шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы 23-февралда иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн УКМК кызматкерине пара берүү учурунда жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 алтын куймасын пара катары берүү учурунда 1978-ж.т Д.Р.Е. кармалды.
Азыркы учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Белгилей кетсек, Улуттук банктын учурдагы баасы боюнча 200 грамм алтын 2,93 млн сомго барабар.



