7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 миң 253 сөздөн турган эң узун ысымдын ээси Гиннесстин рекорддор китебине кирди

125

Жаңы зеландиялык 2253 сөздөн турган эң узун ысымдын ээси Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Анын чыныгы аты Лоуренс Уоткинс болгон, 1990-жылы атын өзгөртүүгө арыз таштаган, бирок анын ысымын каттоодон баш тартышкан. Ал жергиликтүү бийликти сотко берүүгө аргасыз болгон. Соңунда сот ал тарапка өтүп, жаңы ысымын каттаган. Бирок алар башка жарандарга жол бербеш үчүн мыйзамды өзгөртүүгө аргасыз болушкан.

“Мен дайыма бир кызыктай жана адаттан тыш рекорддорго кызыкчумун жана мен ошол көрүнүштүн бир бөлүгү болгум келчү. Мен кайсы рекордду жаңыртарымды билүү үчүн Гиннесстин рекорддор китебинин мукабасын окудум. Жана менде бир гана мүмкүнчүлүк бар эле, акыркы рекорддун ээсине караганда көбүрөөк ысымдарды кошуу керек болчу», — деп түшүндүрдү ал.

126