7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 млн сомдон ашык зер буюмдар. Аткезчиликке шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды

1015

“Манас” бажысынын кызматкерлери 2 миллион сомдон ашык зер буюмдарынын контрабандасына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, “Манас” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери “Манас” МЭАнын авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, декларацияланбаган колго жасалган сары металлдан жасалган зер буюмдарды табышкан. Коңшу мамлекеттен ташылып келген товар Бишкек-Дубай каттамы боюнча учуп келе жаткан Өзбекстан Республикасынын жараны “Р.М.” коштоочу жүгүнөн рентген аппаратына текшерген учурда табылган.

Товардын жалпы салмагы 583,05 граммды түзөт, алынган буюмдардын орточо базар баасы 2 042 250 сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине АМСке катталып, материалдар Транспорттук прокуратурасынын ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1016