7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

893

Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган.

Кыргызстандын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Учурда Мамлекет башчысынын Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясында жана Глазгодо өткөн Климат боюнча лидерлеринин саммитиндеги билдирүүсүндө айтылган Кыргыз Республикасынын бир катар башка демилгелерин илгерилетүү боюнча маселелер иштелип чыгууда.

2019-жылы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашыруунун алкагында Париж макулдашуусун ратификациялаган. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы милдеттенмелери климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү планы жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттерге өлкөнүн салымы болуп саналган «Улуттук аныкталган салым» түрүндө берилген.

Жаңыланган «Улуттук аныкталган салымга» ылайык парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча милдеттенме алган. Атап айтканда, өлкө 2030-жылга карата «Бизнес демейдегидей» сценарийи боюнча эмиссияны 15,97% жана эл аралык колдоо менен 43,62% кыскартуу милдетин алды.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352- токтому менен бекитилген 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык климатка туруктуулук жана экономиканы өнүктүрүү боюнча чаралар болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасынын экология жана климат чөйрөсүндөгү глобалдык максаттарга берилгендигинин ырастоосу, ошондой эле эл аралык климаттык күн тартибинин чектеринде активдүү ишти улантаарын билдирет.

Президенттин жарлыгына ылайык, Министрлер кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Жол картаны иштеп чыгуунун алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

894