7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Урунттуу учурлар… 2023-жыл эмнеси менен эсте калды?

723

2023-жыл эмнеси менен эсте калды? Бул тууралуу Орозбек Шарабидин уулу эң негизгилерине токтолду.

«Башкысы, Садыр Жапаровдун командасы бийликке келгенде — бюджети 248 миллиард сом Кыргызстан – быйыл жыл соңунда 570 миллиардга жетти. Мамлекет экономикалык кубаттуулугун эле эмес, аймактык бүтүндүгүн дагы чыңдап жатат. Өзбекстан менен чек ара тилкелерибиз такталды. Тилекке каршы, Тажикстан менен эки жолу куралдуу кагылыш болуп, мамлекет жарандарын жоготуп, ири чыгымга дуушар болду. Миллиарддаган акча каражаттары Баткенди кайра калыбына келтирүүгө, аскердик кубаттуулукту бекемдөөгө жумшалды. Казынанын олуттуу бөлүгү – буга чейинки жыртык-тешикти бүтөөгө кетип жатты. Бир катар соцобьектилер бүтүп, тартыштык четинен жоюлуп бара жатат. Эгерде, жыртык-тешиктерди бүтөөгө кеткен каражатты – Кыргызстандын өнүгүүсүнө жумшасак, анда мамлекетибиз ат чабым алдыга жылмак. Азыр Кыргызстан эң оор учурду башынан өткөрүп, бирок ага карабай туруктуу өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кирди, муну эл аралык институттар белгилешти.

Эмне себептен оор учурду башынан өткөрүп жатат деп айттым?

1. Ковид илдетинен кийинки жалпы экономикалык кризистин таасири;
2. Чек арадагы куралдуу кагылыштан улам дуушар болгон ири чыгым;
3. Кыргызстан эгемендик алгандан бери алынган тышкы карыздардын төлөө мөөнөтү дал ушул убакытка туш келди, эң көп бөлүгүн мамлекет кутулуп жатат. Мурда карыз алынганы менен, төлөө мөөнөтү келе элек болчу;
4. Энергетикалык тартыштык, ГЭС, ТЭЦ ж.б жабдуулардын эскилиги жектени, жаңыланбаганы. Учурда кызмат кылып жаткан ГЭСтер мындан 60-70 жыл мурда курулган. Мамлекет учурда 1860 МВт кубаттуулуктагы “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушун баштады, мындан тышкары бир катар ири ГЭСтер реконструкцияланып, кошумча кубаттуулуктар кошулууда. Жалпысынан 50гө жакын ири, чакан ГЭСтер курулуп жатат. Мамлекет эгемендик алгандан бери, буга чейин 1 дагы ГЭС курган эмес.
Садыр Жапаров жана анын командасынын тагдырына — мына ушундай топтолуп, чогулуп, тоодой болуп үйүлүп калган көйгөйлөрдү чечүү миссиясы турат.

Акыркы 2 жылдагы аракеттер, көрсөткүчтөр көйгөйлөрдүн четинен чечилип баштаганына ишеним жаратты.
Салык жана бажы төлөмдөрүнүн ставкаларын көтөрбөй туруп кирешелерин 3-4 эселеп чогултуп жатышат. Ага ылайык, айлык маяналар, пенсия-пособилер жогорулады. Уюшкан кылмыштуулук, коррупция менен күрөш жемишин берди, уурдалган миллиарддар мамлекетке кайтарылды. Өлкөдө миңдеген чакырым жолдор, миңдеген курулуштар жүрүп жатат. Айрым күндөрү бир учурда эле 30-40тан мектеп имараттарынын ачылышы жасалганына күбө болуудабыз.

Бул команда бийликке келгенге чейин башкаруу системасы кандай эле? Парламенттик башкаруу, 120 депутат. Иш жүзүндө мамлекетти президент башкарып, өкмөттү парламент ит талагандай бөлүп алышып, анын натыйжасында жоопкерчилик жоголгон. Президент жакындары менен каалагандай мамлекетти талаган. Фракциялар энчисине тийген министрликтерге өздөрүнүн кишилерин койгон. Премьер-министр кол алдындагы министрлерине тили өтпөйт! Ээси жок мамлекет, баш аламан эл, тамтыгы чыккан система түзүлгөн.

Садыр Жапаров башкаруу системасын өзгөртүп, эки чылбыр бир тизгинге кошуп, жоопкерчиликти колуна алды. Президент менен өкмөттүн аппаратын бириктирди. Ирээтүү башкаруу системасы жолго коюлду. Өлкө башчысы акыл күчүмдү, өмүрүмдү мамлекетке арнайм деген команданы жанына чогултту. Туура багытты көрсөтүп, натыйжаларды чыгарып жатат.

Экономиканы ирээтке келтирген Акылбек Жапаров, тартип жана мыйзамдуулукту камсыздаган Камчыбек Ташиев президентке бел болду. Бүгүн Садыр Жапаровдун акылы менен камчысы бар! Акыл – экономика, Камчы – тартип! Өлкө ишенимдүү команданын колунда! Калганыбыз ынтымакты гана камсыздап берели, бул жүрүштө Кыргызстаныбыз алдынкы жылдары биз суктанган өлкөлөргө катарлашат! Мен ишенем! Жалпыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!»,- деген ал.

 

724