Кыргызстан өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатат, — деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан Улуттук өнүктүрүү форумунда.
«Кыргызстан өзгөрүп бара жатканына баарыңыздар күбө болуп жатасыздар», — деди ал
Анын айтымында, өлкө президент Садыр Жапаров белгилеген так вектор боюнча бара жатат, ал өзүнүн жарлыгы менен 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекиткен.
«Демек, биздин өлкө ошол аныкталган багытка карай барууга милдеттүү. Министрлер кабинетинин учурдагы иши жана алган багыты – ушул бийик максаттарга жетүү болуп саналат», — деди ал.
Касымалиев белгилегендей, 2026-жылга чейинки беш жылдык иш-чаралар планы 853 иш-чараны камтыган, азыркы 2030-жылга чейин жаңы беш жылдык иш-чаралар планынын долбоору 919 иш-чарадан турат. Аталган пландагы ар бир чара маңыздуу, олуттуу, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө, элдин жыргал жашоосуна жана президенттин «жаңы Кыргызстанды куруу» идеясынын ишке ашуусуна багытталышы керек.
«Ырааттуу жана конкреттүү чаралар менен гана өлкөбүздүн келечегин бекемдөөгө, ар бир жарандын жашоосунда чыныгы өзгөрүү жаратууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, — деген ал 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы төмөнкүдөй максаттуу багыттарга жетүүгө багытталганын белгиледи:
- Калктын жан башына ИДПны – 4 500 АКШ долларына жеткирүү.
- ИДПнын жалпы көлөмү – 30 млрд АКШ долларынан кем эмес.
- ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8 пайыз деңгээлинде камсыз кылуу.
- Өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүсү.
- Кыргызстандын адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу.
- Жумушсуздук – 5 пайыздан ашык эмес.
- 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмү – 20 пайыздан кем эмес.
- Мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү – ИДПга карата 60 пайызгага чейинки деңгээлде.



