7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

210 миң доллар жана BMW X7… УКМК алдамчылыкка шектелген жаранды кармады

244

УКМК кызматкерлери ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү процессинде блогер Н.Мотуевдин публикациясы жарыяланган. Аталган видеодо 1974-жылы 27-сентябрда Ош облусунун Алай районунда туулган К.Ш.Ш. аттуу жаран, КР УКМК төрагасы К.К.Ташиевдин атын жамынып, Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу боюнча ири тендерди утуп алабыз деген шылтоо менен КР жараны М.Г.А.нын 210 миң АКШ долларын жана BMW X7 үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен тартып алган.

Жүргүзүлгөн аныктоо иш-чараларынан кийин М.Г.А.дан жазуу жүзүндөгү арыз алынып, ал жарыяланган видеороликте көрсөтүлгөн фактыларды тастыктаган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Ш.Ш. кармалып, КР УКМКнын Штаб квартирасына жеткирилген жана ал сүйлөшүү учурунда күнөөсүн толук мойнуна алган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

245