Эртең, 22-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
- Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
- Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Ал эми бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус болот.