7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

22 мектепте сабактар смартфонсуз өтүлүүдө

601

Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде “Смартфонсуз сабак” долбоору ишке ашырылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, №6 жана №78 мектептерге телефон үчүн кутулар тапшырылды.

“Мектеп окуучуларынын алаксыбашы жана материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн сабактарды баштаардан мурун окуучулар өздөрүнүн гаджеттерин бардык класстарда орнотулган номурланган кутуларга коюшат, сабактын аягында же тыныгуу учурунда балдар смартфондорун кайра колдоно алышат” – деп айтылат маалыматта.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн райондогу 22 мектепке 1801 куту сатып алынып, ага жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, бул демилегени Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова көтөргөн. Анын негизинде №70 мектеп пилоттук долбоор болуп, ал кезде ар бири 30 кулпуланган чөнөктөн турган 140 куту сатып алынган.

602