Ош шаардык мэриясы куруп жаткан бала бакчанын курулушу дээрлик 3 жылга кечикти. Жеринен 7-каналдын Оштогу кабарчысы Роза Акматжан кызы барган учурда дагы жаңы курулуп жаткан имараттын сыртынан жаракаларды, короосуна төшөлгөн таш тамандардын чөгүп калган жерлери бар экенин байкаган.
Ошондой эле, түрдүү шылтоолор менен кечигип жаткан курулушту бүткөрүүгө акыркы ирет 1-апрелге чейин убакыт берген, 2 күн калганына карабай иш ыргагы токтоп турганына күбө болгон. Бул боюнча Ош шаарынын курулуш тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэр Жасур Азимов төмөндөгүлөрдү билдирди.
“Ооба, мурдагы жумада Арек айылынын тургундары мэрияга келип ушул бала-бакча боюнча талап коюшту. Ошондо шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте барып келдик. Чынында жарак кеткен жерлери бар эле, ал абалында кабыл албайбыз. Курулуш 2019-жылы башталып, бир жылда бүткорүү мөөнөтү белгиленген.
Сметалык баасы 46 миллион, болсо, тендерден “Кук Хилол” ЖЧКсы 23 миллионго утуп алган. Кийин пандемия болду дешти, андан соң, курулуш материалдары кымбаттап кетти деп кошумча каражат сурады. Биз мэриядан каражаттарды убагында бөлүп бергенбиз. Ош мэриясы мындан сырткары бир нече бала-бакчаларды өз күчү менен куруп баштаган.
Аларды башка курулуш компаниялар ошол 23 миллион сомго өз убагында бүтүрүп беришти. Ушул эле компания кечиктирип жатат. Мыйзам боюнча эч кандай чара колдоно албайбыз, бирок өзүбүздүн мындан кийин мэриянын тендерлерине катыша албай тургандай кылып койчу кара тизмебизге киргизе алабыз”.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Ош шаардык мэриясы жалпы 3 бала-бакчаны куруу ишин баштаган. Алардан экөө өз убагында 23 миллион сомдун тегерегинде каражатка бүткөрүлгөн.
Мындан улам, аталган курулуш боюнча прокуратурага арыз түшүп текшерүү башталган. Ош шаардык прокуратурасынын коррупция бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Жужуров атайын экспертизанын жыйынтыгында кылмыштын курамы жок, каражаттар максатттуу пайдаланылган деген жыйынтык чыгарылганын билдирди.
Бул көйгөй Ош шаардык кеңешинин сессиясында көтөрүлдү. Анда депутаттар шаардык прокуратурага кайрадан кайрылып текшерүү болуусу керектигин жана тезинен бүткөрүү талабын коюшту.