7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

25-апрелде муниципалдык менчикти ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталат

932

25-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалитеттин менчигиндеги муниципалдык жайларды электрондук соода аянтчасы аркылуу ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аукционго бир жылдык ижара мөөнөтү менен 7 объект коюлган.

«Жарандарды, ишкерлерди биздин онлайн аукционубузга катышууга чакырабыз! Катышуу үчүн https://etp.okmot.kg/msu/ сайтына кирүү керек»,-деп берилет билдирүүдө.

Эске салсак, жер реформасынын алкагында жер тилкелерин, муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бардык процедураны ачык-айкын жана адилеттүү кылып, шаардын киреше бөлүгүн да жогорулатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

933