7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

25-февралдан бери Улуттук банк 406,1 миллион сомго алтын куймаларды сатты

798

2022-жылдын 25-февралынан 17-мартына чейин 62,5 килограмм алтын куймалары 406,1 миллион сомго сатылган. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук банктан билдиришти.

Жалпысынан алтын куймаларын сатуу долбоору башталгандан бери 1 миллиард 451,6 миллион сомго 368,2 килограмм алтын сатылган. «Бүгүнкү күндө алтын куймаларынын бардык түрлөрүнө суроо-талап жогору. Улуттук банк бардык номиналдагы, тактап айтканда, салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1035 грамм (унция) жана 100 граммдык өлчөнгөн алтын куймаларын сатууда. Ошол эле учурда сатууга коюлган алтын куймаларынын балансы күн сайын өзгөрүп турат. Себеби кайра сатып алынган алтын куймалары менен толукталып турат. Өлчөнгөн куймалардын запастарын толуктоо зарылчылыкка жараша ишке ашат. Бүгүнкү күндө өлчөнгөн куймалардын запастарын кезектеги толуктоо боюнча иштер аткарылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

799