7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

271,7 млн сом айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге берүүгө багытталат

714

Улуттук банкына топтолгон 271,7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине «Айыл банк» ачык акционердик коому менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган.

«Айыл банк» ачык акционердик коомуна алынган финансы каражаттарын айыл чарба субъекттерине жана кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге алууга 7 жылга чейинки мөөнөткө, улуттук валютада жылына 6 пайыз менен берүү үчүн багыттоосу сунушталды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын соңунда «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды, жаадыргыч машиналарды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды лизингге берүүгө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүнгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715