7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

29-октябрь — Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды

598

Касым-Жомарт Токаев 29-октябрды Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмары жазып чыкты.

Өлкө башчысы шахтадагы жарылуудан каза болгондордун жакындары менен жолугушуп, аларга көңүл айткан. Казак президенти кырсыктын жагдайлары аныкталарын жана жумушчуларды куткаруу боюнча иштер аткарылып, жабыркагандар менен каза болгондордун жакындарына зарыл болгон жардам берилерин билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, Караганда облусундагы Костенко шахтасындагы жарылуудан каза болгон 22 адамдын сөөгү табылып, дагы 24 адамды издөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, кырсык түнкү саат 2:33тө 700 метрдей тереңдикте болгон. Ал учурда шахтада 252 жумушчу иштеп жаткан, анын ичинен 206сы сыртка чыгууга үлгүрүшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599