7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3 айдан кийин Бишкекте “Б5+1” бизнесмендеринин жолугушуусу өтөт

222

2026-жылдын 4-5-февралында Бишкекте Б5+1 бизнесмендердин экинчи жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында өткөн «Борбордук Азия — АКШ» (C5+1) саммитинде билдирди.

“Бул иш-чара АКШ бизнеси үчүн айыл чарба, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем”, — деди мамлекет башчысы.

Эске салсак, 2024-жылдын 13-15-мартында Алматы шаарында Б5+1 бизнесмендеринин биринчи жолугушуусу өткөн. Форумга АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн, бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү катышкан.

223