7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3 баласын асып, андан соң өзү муунуп өлгөн аялдын сөөгү табылды

7170

Тажикстанда 3 баласын даракка асып, андан соң өзү асынып каза болгон окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жатат. Окуя Согди облусунда катталып, жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алардын сөөгүн Пенжикент районунун Некнот айылынын тургундары байкап калышкан. Алардын айтымында, даракка асынгандардын бири балдардын өз энеси 32 жаштагы Шахло Шарипова жана анын 6 жаштагы Мухаммаджон, 4 жаштагы Шахноза жана 8 айлык Амина деген балдары болгон.

Кийинчерээк ички иштер министрлиги окуя тууралуу билдирүү тараткан. Анда «10-апрелде Пенжикент районунун Некнот айылынын тургуну 1988-жылы туулган Шарипова Шахло аттуу жаран, үй-бүлөлүк чырдан улам үч баласын жоолук менен даракка асып, андан соң өзүн асып алган»,- деп билдирген министрлик.

Өз жанын кыйган Шахло Шарипова Дүйшөмбү шаарында төрөлгөн. Ал бир нече жыл мурун Жураев аттуу жаранга турмушка чыккан. Некноттун жашоочулары буга чейин жубайлардын үйүндө олуттуу көйгөй болбогонун айтып беришкен. Алар мал багуу жана дыйканчылык менен алектенип келишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7171