7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3 млн сомго жакын зыян. Таласта райондук электр тармактарынын жооптуу кызматкерлери кармалды

1056

Талас областтык прокуратура органдары тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнун Талас филиалына караштуу Манас райондук электр тармактарынын айрым кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, жогоруда аталган мекеменин кызматкерлери Манас районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен туруктуу байланыш түзүп, турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттердин колдонгон электр энергиясы үчүн Манас РЭТине түшкөн накталай төлөмдөрдү «XENON» жана «IBS» базаларына кириштебестен, өздөрүнө ыйгарып, алардын төлөмдөрүн бюджеттин акчаларынын эсебинен бурмалап, жаап келишкендиги тастыкталган.

Натыйжада, алдын ала эсеп боюнча мамлекетке 2 млн 800 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иштери козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын Манас РЭТинин башчысы Б.А.А., электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А.О., электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н.Н., Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1057