7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3 жаран каза болгон. 40 жаштагы аял бөтөлкөлөштөрүн үйгө камап, өрттөп качып кеткен

1768

Россиянын Киров шаарында мас абалындагы 40 жаштагы аял үч адамды өлтүргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Киров шаарындагы Лесная көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол күнү үйдө 4 жаран спирт ичимдиктерин ичип олтурушуп, аял менен эркектин ортосунда чыр чыккан. Ошол учурда аял үйдү өрттөп, жанындагы бөтөлкөлөштөрүн камап окуя болгон жерден качып кеткен.

Өрттүн кесепетинен 47 — 52 жаштагы эркек жана 36 жаштагы аял каза болгон.

Учурда аял кармалып, бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү (жалпы коркунучтуу түрдө жасалган эки же андан көп адамды өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1769