Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань шаарында адам сымал роботторду чыгарган биринчи толук автоматташтырылган завод иштей баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдады.
Аталган долбоор боюнча, завод ар 30 мүнөт сайын бирден гуманоид робот чыгара алат. Жылдык өндүрүш көлөмү 10 миңден ашуун даананы түзөт.
Өндүрүш процесси 92% автоматташтырылган жана 20дан ашык заманбап технологияны, анын ичинде компьютердик көрүү системаларын камтыйт. Тетиктерди чогултуу учурундагы тактык 0,02 ммге чейин жетип, сапаттын жогорку деңгээлин камсыз кылат.
Айта кетсек, былтыр Фошань шаарында өндүрүлгөн роботтордун саны 46 миңге жеткен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



