30-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунун бир катар унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алар:
Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымы;
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-95 чакырымдары;
Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымы (Талдык ашуусу);
Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 136-137 чакырымдары (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымы (Кара-Тейит айылы);
Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымы (Кара-Гөө ашуусу);
Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);
Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымы (Сөөк ашуусу).
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.