7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

30 миң сом опузалаган. Мамэкотехинспекциянын ага инспектору кармалды

878

Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөлдөө боюнча инспекциясынын ага инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору Кыргыз жаранынан 30 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 3-мартында акча каражатын алып жаткан жеринен Кара Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору М.у.Ч кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

879