7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«300-600 долларга аттестат». УКМК бир канча мектептеги коррупциялык схеманы аныктады

792

Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринде коррупциялык иштер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, орто билими тууралуу аттестаттарды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары окуу жылында иш жүзүндө өлкөдөн тышкары болуп, физикалык жактан сабакка бара алышпаса да, ортомчулар аркылуу окуу жайлардын жетекчилигине жасалма түрдө окуу жайларына тапшырганы аныкталды. Аткаминерлер 300 доллардан 600 долларга чейинки акчаны документтерди мыйзамсыз бергени үчүн алышкан. Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандан сыртта жүргөн окуучуларга мекемелер тарабынан 52 орто билими тууралуу аттестат берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793