7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

300 миң сомун алып… Базар-Коргондо аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кетишкен

846

Базар-Коргондо түн ичинде аялдын колдорун жана оозун скотчтоп, карактап кеткен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну ушул жылдын 16-декабрь күнү саат 05:00 чамасында телефон чалган. Анда ошол эле күнү саат 04:00 чамасында үйүндө 49 жаштагы апасынын бөлмөсүнө беткапчан адамдар киришип, апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 000 (үч жүз миӊ) сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.

Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1988-жылы туулган М.Ш., Ноокен районунун 1999-жылкы тургундары Ж.У. жана С.М. кармалышкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

847