7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

31 жаштагы Шерзод Ражавалиевге издөө салынат

298

31 жаштагы Шерзод Ражавалиевге издөө салынат. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган, (психикалык жактан жабыркаган) Ражавалиев Шерзод Насиржанович 2020-жылдын 11-август күнү саат 17:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.


Учурда Ражавалиев Шерзод Насиржановичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.


Белгилери: Бою 165-170 см, өңү ак-сары жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, психиатриалык кабинетте каттоодо турат.


Кийген кийимдери: Жылаңбаш, ичинде ак түстөгү жемпир, үстүндө күрөң түстөгү куртка, кара түстөгү классикалык шым, бутунда кара түстөгү галош.


Дайынсыз болуп жаткан Ражавалиев Шерзод Насиржанович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.


Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Байланыш тел.: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, (0777) 79-23-63, (0773) 00-08-02.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

299